2026-жылдын 25-сентябрынан тартып Мурас-Ордо конушунан Ош базарына чейинки багытта каттаган №43 автобус каттамынын кыймыл схемасына өзгөртүүлөр киргизилет.
Өзгөртүүлөр каттамды оптималдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге байланыштуу болуп, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана коомдук транспорттун ишинин натыйжалуулугун арттырууга багытталган.
Жүргүнчүлөрдөн №43 каттамынын жаңы кыймыл багытына көңүл буруп, сапарларын алдын ала пландап алууну өтүнөбүз.
Коомдук транспорт тармагын өнүктүрүү жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштер мындан ары да улантылат.