2026-жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи Май административдик району боюнча муниципалдык администрациясында жер мунапысы боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйында комиссия тарабынан жер мунапысына байланыштуу маселелер боюнча жарандардын 194 арызы каралды.

Арыздарды кароонун жыйынтыгы боюнча комиссия тарабынан белгиленген тартипте тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Жер мунапысынын алкагында материалдарды кароо боюнча комиссиялардын иши улантылууда.