2026-жылдын 23-сентябрында Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов административдик району боюнча муниципалдык администрациясында жер мунапысына байланыштуу комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйында комиссия тарабынан жер мунапысына байланыштуу маселелер боюнча жарандардын 118 арызы каралды.

Арыздарды кароонун жыйынтыгы боюнча комиссия тарабынан белгиленген тартипте тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Жер мунапысынын алкагында материалдарды кароо боюнча комиссиялардын иши улантылууда.