24-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Анкара жана Аэзов көчөлөрүнүн кесилишинде спорт комплексин куруу маселеси боюнча жергиликтүү тургундар менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар пландалып жаткан спорт объектисинин курулушу, ошондой эле анын жанындагы курулуш жана ага чектеш аймактагы инфраструктуранын абалы боюнча суроолорун беришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында мэр спорт комплексинин долбоорун иштеп чыгуу иштери быйыл жүргүзүлөрүн, ал эми келерки жылы анын курулушун аяктоо пландалып жатканын билдирди. Долбоорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы иштерди камсыз кылуу шаардык тиешелүү кызматтарга тапшырылды.
Мындан тышкары, Айбек Джунушалиев жакын жайгашкан объектинин курулушуна байланыштуу документтерди көтөрүп чыгып, кылдат иликтеп чыгууну тапшырды. Келерки жумада мэр Турак жай-коммуналдык чарба багытындагы тиешелүү өкүлдөр жана куруучу компаниянын өкүлдөрү менен биргеликте тургундар менен кайрадан жолугушуп, долбоорду жана көтөрүлгөн маселелерди талкуулайт.
Ошондой эле мэр жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жолду оңдоп, асфальт төшөөнү, ошондой эле ирригациялык системаны калыбына келтирүүнү карап чыгууну тапшырды. Бул маселелер аймакты өнүктүрүү жана спорт объектисин куруу менен бирге комплекстүү түрдө чечилиши керек.
Жолугушуунун жыйынтыгында тургундар менен мындан аркы иштерди улантуу жана көтөрүлгөн бардык маселелерди шаардык тиешелүү кызматтар менен биргеликте иштеп чыгуу тапшырылды.




