2026-жылдын 24-сентябрында Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин спорт боюнча инструкторлору үчүн окутуу семинары болуп өттү.

Иш-чараны Департаменттин директору Канатбек Маматов ачып, семинардын катышуучуларын куттуктады. Ал спорт боюнча инструкторлордун кесиптик деңгээлин жогорулатуунун, спорттук-массалык иш-чаралардын сапатын жакшыртуунун жана шаар тургундарын дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Семинарга шаардын ар кайсы райондорунан 96 спорт боюнча инструктор катышты.

Иш-чаранын алкагында балдар, өспүрүмдөр жана шаар тургундары менен иштөөнү жакшыртууга багытталган бир катар темалар боюнча лекциялар өттү. Атап айтканда:

* Балдар менен иштөөдө заманбап ыкмалар — маалыматтын көптүгү балдардын көңүл буруусуна жана кабыл алуусуна кандай таасир этери, ошондой эле алардын машыгууга болгон кызыгуусун арттыруунун жолдору;
* Спорттук секцияларды өнүктүрүү — машыгуу үчүн шарттарды жакшыртуу жана балдар менен өспүрүмдөрдүн кызыгуусун эске алуу менен жаңы секцияларды ачуу боюнча сунуштар;
* Балдар үчүн спорттук мүмкүнчүлүктөр — спорт залдарына, абонементтерге жана дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга түзүлгөн башка мүмкүнчүлүктөрдүн жеткиликтүүлүгү;
* Балдарды спортко тартуу жана мотивациялоо — балдар менен өспүрүмдөрдү үзгүлтүксүз дене тарбия көнүгүүлөрүнө тартуунун ыкмалары;
* Спорттук-массалык иш-чараларды уюштуруу — катышуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүн жана кызыкчылыктарын эске алуу менен машыгууларды жана иш-чараларды өткөрүү боюнча практикалык сунуштар.

Семинар инструкторлор үчүн билим алуу жана тажрыйба алмашуу аянтчасы болуп, анда берилген маалыматтарды жана сунуштарды алар мындан аркы ишинде колдоно алышат.

Мындан тышкары, спорт боюнча инструкторлордун ишмердүүлүгүн колдоо максатында аларга кесиптик ишинде колдонуу үчүн спорттук форма берилди.