25-сентябрда Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсү, 38 дарегинде (Абдулкерим Сатук Буурахан атындагы мечиттин батыш тарабында) Улуттук органикалык айыл чарба күнүнө карата жарманке өтөт.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы №40 Жарлыгына ылайык жана Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы №104 токтому менен бекитилген иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлөт.

Жарманкенин негизги максаты — ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, сапаттуу продукцияны жана туура тамактануу принциптерин жайылтуу.

Жарманкеге келгендерге ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба жана башка түрдөгү продукциялары сунушталат. Катышуучулар үчүн соода орундар уюштурулуп, аймакты жасалгалоо жана уюштуруу боюнча белгиленген талаптардын сакталышы камсыздалат.

Борбор калаанын тургундарын жана конокторун жарманкеге келип, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциялары менен таанышууга жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого чакырабыз.