Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаменти «Бишкек наабайкана» муниципалдык ишканасы менен биргеликте ведомствого караштуу социалдык мекемелердин ашпозчулары үчүн эки жумалык окуу уюштурду.

Окутуу «Кондитердик жана нан азыктары» программасынын алкагында өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө катышуучулар азыктардын ар кандай түрлөрүн даярдоо технологияларын, тамак-аш азыктарынын сапатына жана коопсуздугуна коюлуучу талаптарды, санитардык-гигиеналык ченемдерди, ошондой эле даяр тамактарды даярдоону жана сунуштоону уюштуруунун заманбап ыкмаларын үйрөнүштү.

Окуу процессинде практикалык сабактарга өзгөчө көңүл бурулуп, анын жүрүшүндө ашпозчулар алган билимдерин бекемдеп, кесиптик көндүмдөрүн өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Окуу курсу аяктагандан кийин катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Окутуу социалдык мекемелердин кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана социалдык кызматтарды алуучулар үчүн тамактануунун сапатын жакшыртууга багытталган.