«Ак Илбирс» ОРАБӨМнин тарбиялануучусу Асанбекова Аида самбо боюнча Дүйнө кубогунда 65 килограммга чейинки салмак категориясында III орунду ээледи.
Мелдештер 18–20-сентябрь күндөрү Тажикстандын Душанбе шаарында өттү.
Аида Асанбекованы жана анын машыктыруучуларын татыктуу жеңиштери менен куттуктайбыз! Спорттук карьерасында мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!

