2026-жылдын 24-сентябрында Бишкек шаарындагы №23 мектепте борбор калаадагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен кеңешме болуп өттү.

Кеңешменин жүрүшүндө мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу актуалдуу маселелер, мыйзам талаптарын сактоо жана билим берүү процессинин сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды.

Күн тартибиндеги негизги маселелердин бири Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 26-майындагы №136 «Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу болду.

Ошондой эле педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана кадрларды даярдоо маселелери каралды. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин үзгүлтүксүз жогорулатууга жана билим берүү процессин өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Кеңешменин жыйынтыгында мекеме жетекчилерине иштин сапаттуу уюштурулушун камсыз кылуу, белгиленген талаптарды так сактоо жана билим берүү процессин уюштурууда жоопкерчиликти жогорулатуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.