Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Кыргыз Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Түркмөнстан боюнча аймактык директору Нодира Мансурова менен жолукту.

Жолугушуунун башында Айбек Джунушалиев Нодира Мансурованы ЕРӨБдүн аймактык директору кызматына дайындалышы менен куттуктап, мындан аркы ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында мындан аркы кызматташтыктын келечегин талкуулашты. Атап айтканда, «Бишкекжылуулукэнерго», «Бишкекжылуулуктармагы», «Бишкексууканал» муниципалдык ишканаларынын багыты боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле борбор калаада коомдук транспортту өнүктүрүү маселелери каралды.

Нодира Мансурова Бишкек шаарында болуп жаткан оң өзгөрүүлөрдү белгилеп, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү багытында жетишилген олуттуу ийгиликтерге токтолду.

«Бүгүнкү күндө Бишкек кыйла көрктүү болуп калды. Менин оюмча, бул сиздердин жана сиздердин командаңыздардын аткарган чоң ишинин натыйжасы», — деп белгиледи ЕРӨБдүн аймактык директору.

Жолугушуунун соңунда тараптар  шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана шаардык чөйрөнүн сапатын жогорулатууга багытталган конструктивдүү кызматташтыкты мындан ары да улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.