2026-жылдын 25-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук органикалык айыл чарба күнүнө карата «Кыргызстандын органикасы – дүйнөлүк рынокко карай жол» аттуу конференция болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Махабат Маалянова, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Насипбек Керимов, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргыз Республикасындагы өкүлү Олег Гучгельдыев, ошондой эле мамлекеттик органдардын, уюмдардын өкүлдөрү жана органикалык айыл чарба тармагындагы адистер катышты.

Конференциянын жүрүшүндө Кыргызстанда органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, өндүрүш көлөмүн көбөйтүү, сертификациядан өткөрүү, ата мекендик органикалык продукциянын экспорттук потенциалын жогорулатуу жана эл аралык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ошондой эле органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл аралык тажрыйба сунушталды.

Иш-чаранын алкагында ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн органикалык продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулуп, катышуучуларды сыйлоо аземи өткөрүлдү.

Конференциянын жыйынтыгында тармакты мындан ары өнүктүрүү боюнча маселелер талкууланып, 2026–2027-жылдарга органикалык продукциянын өндүрүшүн көбөйтүү жана аны сатуу рынокторун кеңейтүүгө багытталган сунуштар иштелип чыкты.