Бишкек шаарындагы жол тыгындарын азайтуу боюнча кабыл алынган концепцияны ишке ашыруунун алкагында коомдук транспорттун жүрүшүнө тоскоолдук жараткан унааларды аныктоо боюнча биргелешкен рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө. Артыкчылыктуу багыттардын бири — автобустардын тоскоолдуксуз жүрүшүн камсыз кылуу жана коомдук транспорттун кыйла натыйжалуу иштөөсү үчүн шарттарды түзүү.

2026-жылдын 25-сентябрында өткөрүлгөн рейдге Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт департаментинин, Бишкек шаары боюнча МККБ  жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү катышты.

Текшерүү шаардык жол тармагынын төмөнкү тилкелеринде жүргүзүлдү:

Чыңгыз Айтматов проспекти — «Азия Молл» соода борборунун аймагында;
Курманжан Датка көчөсү — Анкара көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин;
И. Ахунбаев көчөсү — Чыңгыз Айтматов проспектисинен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейин;
Жибек-Жолу проспекти — Осмонкул көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин.

Рейддин жүрүшүндө жол кыймылынын эрежелерин бузуу менен токтотулган жана автобустардын, ошондой эле башка коомдук транспорттун жүрүшүнө тоскоолдук жараткан унааларга өзгөчө көңүл бурулду.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар көчөлөрүндө коомдук транспортко артыкчылык берүүнү камсыз кылуу боюнча иштерди улантат. Айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, автобустардын жүрүшүнө тоскоолдук жаратпоого жана жол кыймылынын бардык катышуучуларынын кызыкчылыктарын эске алууга чакырат.