2026-жылдын 25-сентябрында Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун «Бишкек» филиалынын директору Марат Кудайбергенов жана камсыздандыруу төлөмдөрүн алган жарандар менен жолугушту.
Иш-чаранын алкагында 17 жаранга ОСАГО, ОСЖ жана ОСГОПП полистери боюнча жалпы 2 157 392 сом өлчөмүндө төлөм жүргүзүлдү.
Жалпысынан аймак боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасы *3 350 425 сомду* түздү.
Камсыздандыруу төлөмдөрү жарандарга финансылык колдоо көрсөтүп, күтүлбөгөн кырдаалдардын кесепетинен келип чыккан чыгымдарды жабууга жардам берет.







