Бишкек шаарында Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүнө карата уюштурулган иш-чаралар уланууда.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы №40 Жарлыгы менен белгиленген Органикалык айыл чарбанын улуттук күнүнө карата уюштурулган иш-чаралардын алкагында, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы №104 токтому менен бекитилген иш-чаралар планына ылайык, 2026-жылдын 25-сентябрында Бишкек шаарынын Свердлов районунун аймагында жарманке өткөрүлүүдө.

Жарманке райондун аймагында, анын ичинде «Чыгыш5» кичи районунда өтүп, анда жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба азыктары сунушталууда.

Иш-чарага Свердлов районунун аймагында иш алып барган ири жана чакан өндүрүүчүлөр, ошондой эле дыйкан жана фермердик чарбалардын өкүлдөрү катышууда.

Жарманкенин негизги максаты — жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо, калкты сапаттуу жана жергиликтүү айыл чарба продукциясы менен камсыз кылууга көмөктөшүү, органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы түз байланышты чыңдоо.