«Дельфин» ОРАБӨМдүн тарбиялануучусу Денис Петрашов Азия оюндарында сууда сүзүү боюнча 200 метр аралыкта күмүш медаль жеңди.

Спортчу алдын ала жарышта 2:11.13 жыйынтык көрсөтүп, биринчи орунду ээледи.

Финалдык жарышта Денис Петрашов жыйынтыгын жакшыртып, 200 метр аралыкты 2:08.67 убакытта сүзүп өттү. Жыйынтыгында спортчу экинчи орунду ээлеп, Азия оюндарынын күмүш байгесинин ээси болду.