27-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна курулуп жаткан жаңы маданий борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Долбоорго ылайык, аянты 0,4 гектарды түзгөн жерде жалпы аянты 7 490 чарчы метр болгон үч кабаттуу имарат курулууда. Борбордо 420 орундуу кинотеатр, 330 орундуу көргөзмө залы, музыкалык жана театралдык класстар, фуд-корт жана көп функционалдуу мейкиндиктер каралган. Ошондой эле 92 унаага ылайыкталган жер алдындагы унаа токтотуучу жай болот.

Бүгүнкү күндө имараттын темир-бетон каркасын куруу иштери толугу менен аяктады. 1- жана 2-кабаттарда кирпич дубалдарды тургузуу иштери аяктап, 3-кабатта кирпич коюу иштери уланууда. 1- жана 2-кабаттарда дубалдарды шыбоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле электр монтаждоо иштери аткарылууда.

Мэр жаңы борбор биринчи кезекте шаар тургундарына багытталып, негизинен административдик эмес, коомдук багыттагы объект болушу керектигин белгиледи.

Айбек Джнушалиев тиешелүү шарттарды, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн пандустарды жана лифттерди, ыңгайлуу санитардык жайларды, чакан чыгармачыл топтор жана студиялар үчүн атайын зоналарды долбоордо караштырууну тапшырды.

Мындан тышкары, мэр тиешелүү кызматтарга жана курулуш компаниясына имараттагы жайларды сарамжалдуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууну тапшырды. Бул объект шаар тургундары үчүн дайыма керектүү болуп, коомдук функциясын жоготпостон, каралган коммерциялык ишмердүүлүктүн эсебинен өзүнүн эксплуатациялык чыгымдарын камсыздай алышы керек.