Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу пайдаланууга берилген муниципалдык мүлктү инвентаризациядан өткөрүп жатат. Анын негизги максаты — мүлктүн иш жүзүндө кандай пайдаланылып жатканын баалоо жана ижарачылардын түзүлгөн келишимдердин шарттарын аткарышын текшерүү.

Өзгөчө көңүл келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбаган ижарачылар пайдаланып жаткан объектилерге бурулууда. Атап айтканда, мүлктү максаттуу пайдаланбоо же ижара акысын өз убагында төлөбөө сыяктуу учурлар текшерилүүдө.

Мындай объектилердин бири — Тоголок Молдо көчөсү, 7 дарегинде жайгашкан Планетарий комплекси. 2025-жылы аянты 0,414 гектар болгон жер тилкеси жана жалпы аянты 530,1 чарчы метрди түзгөн турак жай эмес имарат беш жылдык мөөнөткө ижарага берилген. Төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүү боюнча милдеттенмелердин аткарылбагандыгына байланыштуу карыз пайда болгон.

Муниципалдык мүлк боюнча комиссия ижара мамилелерин мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды. Материалдар карызды жана туумду өндүрүү боюнча мындан аркы укуктук чараларды көрүү үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүлдү.

Бишкек мэриясы муниципалдык мүлктүн пайдаланылышын текшерүүнү улантат. Келишимдердин шарттары бузулган жана ижарачылар тарабынан милдеттенмелер аткарылбаган учурларда мыйзамдарга ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алардан мурда мындай бүтүмдүн мыйзамдуулугун алдын ала текшерүүнү эскертет.

Ижарачынын өзүнө таандык укуктарды үчүнчү жактарга өткөрүп бериши муниципалдык мүлктү андан ары пайдаланууга кепилдик бербейт. Келишим токтотулган же мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда, жарандар менен ижарачылардын ортосунда түзүлгөн мындай бүтүмдөрдүн алкагында тартылган чыгымдар үчүн мэрия жоопкерчилик тартпайт.