2026-жылдын 26-сентябрында «Алга» спорт комплексинде Бишкек шаарынын мэринин орун басарф Рахат Мусаеванын катышуусунда «Мектеп лигасы» шаардык программасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Рахат Мусаева жакында эле «Мектеп лигасынын» өткөн сезонунун жыйынтыктары чыгарылганын белгилеп, жаңы сезон мектеп окуучуларына спорттун ар кандай түрлөрү боюнча өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн дагы бир жолу сынап көрүүгө шарт түзөрүн айтты. Ал спорт менен машыгуу — биринчи кезекте ден соолукка, активдүү жашоо образына жана балдардын ар тараптуу өнүгүүсүнө кошкон салым экенин белгиледи. Ошондой эле келечектүү жаш спортчулар үчүн мелдештерге катышуу кесипкөй спортко карай алгачкы кадамдардын бири болушу мүмкүн экенин баса белгиледи.

Мелдештер спорттун 13 түрү боюнча өткөрүлөт. Алар: бадминтон, баскетбол, волейбол, гандбол, дартс, жеңил атлетика, балдар жеңил атлетикасы, кичи-футбол, стол тенниси, пионербол, тогуз коргоол, ордо жана шахмат.

Биринчи, райондук этап 2026-жылдын 25-сентябрынан 25-декабрына чейин борбор калаанын төрт районундагы жалпы билим берүү уюмдарынын арасында өткөрүлөт. Анын жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлери аныкталып, алар шаардык этапта өз райондорунун намысын коргоо укугуна ээ болушат.

«Мектеп лигасынын» шаардык этабы 2027-жылдын 20-январынан 20-майына чейин өтөт. Ага райондук этапта биринчи төрт орунду ээлеген командалар катышат.

Мелдештерге Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү мектептеринин тиешелүү жаш курактагы окуучулары катыша алышат.

Райондук этаптын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери кубок, диплом жана медалдар менен сыйланат. Ал эми шаардык этапта байгелүү орундарды ээлеген командаларга эстелик сыйлыктар тапшырылып, Ысык-Көл облусунда жайкы ден соолукту чыңдоочу эс алууга жолдомолор берилет.