2026-жылдын 25-сентябрында Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында өзгөчө кырдаал жаралуу коркунучу болгон жана жаралган учурда аракеттенүү боюнча командалык-штабдык машыгуу өткөрүлдү.
Иш-чара 2026-жылга карата Жарандык коргонуу даярдыгынын планына ылайык уюштурулду.
Машыгууга Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Руслан Сапарбеков, Октябрь районунун акими Жолдош Чуштуков жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, подполковник Алексей Мусаров катышты.
Машыгуунун негизги темасы — күчтүү таасир этүүчү уулуу зат — аммиактын сыртка чыгып кетүүсүнүн натыйжасында өзгөчө кырдаал жаралуу коркунучу болгон жана жаралган учурда авариялык-техникалык топтун аракеттери болду.
Машыгуунун жүрүшүндө жетекчилик жана командалык-башкаруучу курам, ошондой эле «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын Жарандык коргонуу түзүмдөрү тартылды.
Катышуучуларга өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү үчүн каралган күчтөр жана каражаттар көрсөтүлдү. Ошондой эле жабыр тарткан жарандарды убактылуу жайгаштыруу жана аларга зарыл жардам көрсөтүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу чатыр модулдары көрсөтүлдү.
Мындай машыгуулар өзгөчө кырдаалдарга тартылган кызматтардын өз ара аракеттенүүсүн жана өзгөчө кырдаал жаралган учурда ыкчам аракеттенүүгө даярдыгын практикалык жактан бекемдөөгө мүмкүндүк берет.







