Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 15-декабрындагы №364 «Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча иштерди аяктоо боюнча чаралар жөнүндө»  Жарлыгын аткаруу максатында жана Мамлекеттик комиссиянын корутундуларынын негизинде 2021-жылдын 1-декабрына чейин түзүлгөн башаламан курулуштар жайгашкан жер тилкелеринин топторуна кирген жер тилкелерин пайдалануучуларга жана/же менчик ээлерине коомдук маалымдоо жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун 15-пунктуна  ылайык, кандайдыр бир курулуштары жок (бош жана курулуш салынбаган жер тилкелери) жер тилкелерин пайдалануучуларга жана/же менчик ээлерине коомдук маалымдоо жүргүзүлүүгө тийиш.

Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча жер тилкелерин пайдалануучулардын жана/же менчик ээлеринин тизмеси таанышуу үчүн жайгаштырылды.

ТИЗМЕ