Бишкек шаарынын төрт районунда жер тилкелерин өз алдынча ээлеп алуу жана мыйзамсыз курулуш жүргүзүү фактыларын аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги №109 «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында жүргүзүлүүдө.
Рейддердин жүрүшүндө муниципалдык аймактык башкармалыктардын (МАБ), Бишкек шаарынын курамына кирген конуштардын аймактары текшерилүүдө. Тургундар арасында жер жана курулуш мыйзамдарынын талаптарын сактоо зарылдыгы, ошондой эле аларды бузган учурда каралган жоопкерчилик тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Октябрь районунда №407 МАБнын аймагында тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок курулуп жаткан объекттер аныкталды. Буга чейин эскертүүлөр берилгенине карабастан, айрым жарандар курулуш иштерин улантышкан. Ушундай эле рейддик иш-чаралар №406 МАБнын аймагында да улантылууда.
Свердлов районунда №304 МАБнын аймагындагы «Красный Строитель-2» конушунун жер мыйзамдарынын талаптарын сактоо жана жер тилкелерин өз алдынча ээлеп алууга жол бербөө боюнча жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Биринчи Май районунда рейддер Маевка айылы, Бугу-Эне-Багыш жана Алтын-Казык конуштарын камтыган аймактарда өткөрүлдү. №205, №207 жана №208 МАБдын аймактарында 2024-жылдан бүгүнкү күнгө чейин мыйзамсыз тургузулган 171 пайдубал жана бүтпөй калган курулуш объекти демонтаждалды.
2026-жылы «Теңдик» конушунун №378 контурунда пайдубалдарды мыйзамсыз куюунун үч фактысы аныкталды. Бул фактылар боюнча материалдар тиешелүү чараларды көрүү үчүн Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Ленин районунда рейддик иш-чаралар Новопавловка айыл аймагынын №106 жана №109 МАБдарынын аймактарында өткөрүлдү. «Ак-Ордо» конушунда мыйзамсыз курулуш фактылары аныкталган жок. Орок айыл аймагынын №105, №107, №106, №241, №223 жана №166 контурларында да мыйзам бузуулар жана мыйзамсыз курулуш фактылары катталган жок.
Мыйзамсыз курулуштарды жана жер тилкелерин өз алдынча ээлеп алуу фактыларын аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда.




