Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду инновациялык долбоорлор жана стартаптар боюнча «KEL Start» улуттук сынагын өткөрөрүн жарыялайт.

Сынак Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-сентябрындагы № 610 токтомуна ылайык өткөрүлөт. Аталган токтом менен «KEL Start» инновациялык долбоорлор жана стартаптар боюнча улуттук сынагы жөнүндө жобо бекитилген.

Сынактын негизги максаты - инновациялык ишмердүүлүктү стимулдаштыруу, стартап-экосистеманы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзө турган келечектүү долбоорлорду колдоо.

Сынак төмөнкү төрт багыт боюнча өткөрүлөт:
«Жашыл технологиялар» - экология жана энергетика чөйрөсүндөгү инновациялык долбоорлор.
«Санарип аймак» - санариптик трансформацияга, IT-чечимдерди (маалыматтык технологияларды, маалыматтык системаларды, санариптик платформаларды, программалык камсыздоону жана электрондук сервистерди) өнүктүрүүгө, ошондой эле аймактык деңгээлде процесстерди автоматташтырууга багытталган долбоорлор.
«Өнөр жай старт» - өндүрүш чөйрөсүндөгү инновациялык долбоорлор.
«Тамак-аш жана айыл чарба тармактары» - агрардык сектордогу инновацияларга жана биотехнологиялык долбоорлорго багытталган долбоорлор.

Кимдер катыша алат?
Сынакка Жободо белгиленген талаптарга жооп берген инновациялык долбоорлорду жана/же стартаптарды сунуштаган жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле юридикалык жактардын бирикмелери катыша алат.

Долбоор сынактын багыттарынын бирине шайкеш келүүгө тийиш.

Каржылык колдоо
Сынактын жеңүүчүлөрүн каржылоо каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу шарты менен акысыз жана кайтарымсыз негизде жүргүзүлөт:
- 2 000 000 сомго чейин - инновациялык долбоорлор үчүн;
- 1 000 000 сомго чейин - стартап-долбоорлор үчүн.

Өтүнмө берүү тартиби
Тандоонун тартиби жөнүндө жобо жана өтүнмөнүн формасы https://drive.google.com/drive/folders/1-d29HL3Z__3zu8TisecdGulC5QXSbRq9?usp=sharing шилтемеде жайгашкан.
Өтүнмөлөрдү кабыл алуу төмөндө көрсөтүлгөн электрондук дарек боюнча кабыл алынат. , kelstart@ilim.gov.kg
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу байланышсаныздар болот: 0312 680471, 996 505 167-497 fund.ilim.gov.kg, a.alikuulu@ilim.gov.kg