29-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кечээ өрт чыккан «Бишкек санитардык полигону» ишканасынын аймагына барып, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Мэр окуя боюнча түшүндүрмө берип, жүргүзүлүп жаткан иликтөө, полигондогу коопсуздук чаралары тууралуу айтып, журналисттерге таштанды кайра иштетүүчү заводдун ишин көрсөттү.

Өрт саат болжол менен 20:30да башталган. Арадан 15 мүнөт өткөндөн кийин полигондун башка тилкесинде да өрт чыкканы катталган. Алдын ала маалымат боюнча, өрттүн төрт очогу аныкталган жана аларда автоунаалардын дөңгөлөктөрү топтолгон болгон. Окуянын бардык жагдайлары укук коргоо органдары тарабынан аныкталууда.

Маалымат түшкөндөн кийин «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери дароо өрт болгон жерге келишкен. Өрттү өчүрүүгө тиешелүү кызматтар да тартылган. Өрт саат 01:30да толугу менен өчүрүлгөн.

Кырсык боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Айбек Джунушалиев укук коргоо органдары өрттүн чыгышына тиешеси бар адамдарды, ошондой эле окуянын бардык жагдайларын аныктап жатканын белгиледи. Зарыл болгон тергөө иш-чаралары аяктагандан кийин анын жыйынтыктары тууралуу маалымат коомчулукка жеткирилет.

Мэр полигондун аймагында атайылап өрт чыгаруу объекттин өзүнө гана эмес, борбор калаанын экологиялык коопсуздугуна да коркунуч жаратарын баса белгиледи. Анын айтымында, көңүл буруу же коомдук резонанс жаратуу максатында кайрадан өрт чыгышына алып келиши мүмкүн болгон аракеттерге жол берилбеши керек.

Учурда полигондун аймагында коопсуздук чаралары көрүлгөн, анын ичинде тосмолор орнотулуп, кирүү мүмкүнчүлүгү чектелген. Ошол эле учурда коопсуздук системасын мындан ары да күчөтүү пландалууда. Аймакка кошумча видеокөзөмөл камераларын орнотуу жана көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган башка чараларды көрүү маселеси каралууда.

Полигондун аймагында жашылдандыруу иштери да уланууда. Учурда 3,5 миңге жакын бак-дарак отургузулуп, алардын болжол менен 90 пайызы жакшы өсүп жатат.

Таштанды кайра иштетүүчү завод штаттык режимде иштеп жатат.

Көчмө жыйындын алкагында мэр журналисттер менен бирге таштандыны кайра иштетүүчү заводго барып, анын ичиндеги өндүрүш процессин көрсөттү.

Айбек Джунушалиев таштандыны кайра иштетүүчү завод белгиленген технологиялык талаптарга ылайык штаттык режимде иштеп жатканын белгиледи. Технологияга ылайык, ишкана иштеп жаткан учурда көзгө көрүнгөн түтүн болбошу керек. Андыктан түтүндүн жоктугу заводдун иштебей турганын билдирбейт. Айрым учурларда абанын температурасы төмөн болгондо объекттин үстүндө конденсат байкалышы мүмкүн.

Мэр таштанды кайра иштетүүчү комплексти мындан ары өнүктүрүү боюнча пландар тууралуу да айтып берди. Долбоордун экинчи этабынын алкагында ишкананын дагы бир корпусун куруу каралган. Болжол менен 230 млн долларлык инвестицияны камтыган долбоор таштандыларды кайра иштетүү кубаттуулугун суткасына 2 миң тоннага чейин көбөйтүүнү жана 60 МВтка чейин электр энергиясын өндүрүүнү карайт.

Учурда тиешелүү долбоор белгиленген тартипте каралууда. Зарыл болгон чечимдер кабыл алынгандан кийин аны ишке ашыруунун мындан аркы тартиби аныкталат.

Айбек Джунушалиев таштандыларды кайра иштетүү системасын өнүктүрүү жыл сайын пайда болгон таштандынын көлөмүнүн көбөйүшүн эске алуу менен каралышы керектигин белгиледи. Долбоордун кийинки этаптарын ишке ашыруу кайра иштетүүнүн көлөмүн акырындык менен көбөйтүүгө жана санитардык полигонго түшкөн жүктү азайтууга мүмкүндүк берет.

Мэр ошондой эле таштандыларды кайра иштетүү боюнча заманбап объектилерди өнүктүрүү менен бирге бүткүл аймактын коопсуздугун камсыз кылуу жана экологиялык тобокелдиктерди жаратуучу аракеттерге жол бербөө зарылдыгын белгиледи.

Өрттүн келип чыгышынын жагдайларын иликтөө уланууда. Маселе тиешелүү кызматтардын көзөмөлүндө.