2026-жылдын 29-сентябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Ж. Абдрахманов көчөсүнүн Киев жана Москва көчөлөрү менен кесилишкен жерлериндеги эки фонтанда жана аларга чектеш аймактарда жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты.

Ж. Абдрахманов көчөсү менен Киев көчөсүнүн кесилишинде жаңы фонтан курулууда. Учурда эки чөйчөгү орнотулуп, инженердик коммуникацияларды тартуу иштери аяктады. Азыр фонтандын чөйчөктөрүн кооздоп жасалгалоо, фонтан системасын даярдоо жана башка иштер уланууда.

Ал эми Ж. Абдрахманов көчөсү менен Москва көчөсүнүн кесилишинде «Алтын балыктар» фонтаны жаңыланууда. Бул жерде декоративдик жасалгалоо, фонтан системасын даярдоо, инженердик тармактар боюнча иштер жана ага чектеш аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Тапшырыкчы — Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы, подрядчы — «Гранд Про» ЖЧКсы. Иштер 2026-жылдын 6-июлунда башталган. Аларды 31-октябрга чейин аяктоо пландалууда. Объект азырынча пайдаланууга кабыл алына элек.

Мэр чектеш аймактарды комплекстүү түрдө көрктөндүрүүнү, отургучтарды жана таштанды челектерин орнотууну, унаа токтотуучу жана жөө адамдар үчүн жайларды, балдар аянтчасын уюштурууну, ошондой эле майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүү чөйрө элементтерин караштырууну тапшырды.

Мындан тышкары, учурдагы жашыл бак-дарактарды сактап калуу, аларды сугарууну камсыз кылуу жана кошумча бак-дарактарды отургузуу зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле тротуарларды жана инженердик элементтерди иретке келтирүү, чектеш имараттардын архитектуралык көрүнүшүн эске алуу, ошондой эле фонтандардын иштөө режимин тургундарга ыңгайсыздык жаратпай тургандай уюштуруу милдеттендирилди.

Айбек Джунушалиев иштердин темпин күчөтүп, белгиленген мөөнөттөрдөн артта калууга жол бербөөнү тапшырды. Зарыл болгон учурда подрядчы кошумча күчтөрдү же башка подряддык уюмдарды тартууга тийиш.

Ошондой эле иштердин сапатына, тургундардын кызыкчылыктарына, жашыл аймактарды сактоого жана бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууга өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.