29-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Ашхабад көчөсү, 73 дарегинде жайгашкан «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын эки кабаттуу административдик имаратынын курулушунун жүрүшүн текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мэр учурда аткарылып жаткан иштердин абалы менен таанышып, белгиленген графиктин сакталышына көңүл бурду. Тиешелүү кызматтарга курулуш иштеринин мөөнөтүнүн создугуп жатышынын себептерин аныктоо, иштерди тездетүү боюнча зарыл чараларды көрүү жана курулушту белгиленген мөөнөттө аяктоону камсыз кылуу тапшырылды.

Учурда объектте ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө. Анын ичинде кафель төшөө, дубалдарды шыбоо жана башка иштер аткарылууда.

Жер тилкесинин аянты 0,981 гектарды түзөт.

Имарат монолиттүү темир-бетон пайдубал каралган. Имараттын каркасы металл конструкциялардан — курамдык кош таврлардан жасалган мамылардан жана устундардан турат. Тышкы дубалдар калыңдыгы 150 мм болгон дубалдык сэндвич-панелдерден, ал эми ички тосмолор калыңдыгы 100 мм болгон сэндвич-панелдерден жасалат.

Курулуш иштерин аткаруучу подряддык уюм — «Ак Ниет Курулуш» ЖЧКсы.

Мэр курулуш иштеринин жүрүшүнө, аткарылып жаткан иштердин сапатына жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.