29-сентябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Панфилов көчөсү, 9 дарегинде жайгашкан үйдүн жашоочулары менен жолугушту. Бул маселе буга чейин жашоочулар менен болгон жолугушуу учурунда көтөрүлгөн.

Жашоочулар жакын жерде көп кабаттуу үй курулгандан кийин пайда болгон кырдаал тууралуу айтып беришти. Алардын айтымында, коңшу үйдүн жашоочулары ага чектеш аймакты, анын ичинде унаа токтотуучу жай катары пайдаланып жатышат. Бул Панфилов көчөсүндөгү үйдүн жашоочуларына ыңгайсыздык жаратууда.

Ошондой эле жашоочулар таштанды чогултуучу контейнерлерди жайгаштыруу маселесин көтөрүштү. Алардын айтымында, аталган тилкеде алгач контейнер аянтчасын эмес, балдар аянтчасын уюштуруу каралган. Мындан тышкары, токтотулган унаалар таштанды ташуучу унаанын таштанды чогултуучу жайга кирүүсүнө тоскоолдук жаратууда.

Бишкек шаарынын мэри кырдаал менен жеринде таанышып, жашоочулардын көйгөйлөрүн укту. Айбек Джунушалиев тиешелүү кызматтарга ага чектеш аймак боюнча документтерди, анын ичинде жер пайдалануу маселелерин иликтөөнү, ошондой эле тосмолордун мыйзамдуу орнотулганын жана унаа токтотуучу жайлардын уюштурулушун текшерүүнү тапшырды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү кызматтарга көтөрүлгөн маселелерди чечүү боюнча сунуштарды даярдоо тапшырылды. Зарыл иштер жүргүзүлгөндөн кийин мэр аталган аймакка кайрадан барып, аткарылган иштердин жыйынтыгы менен таанышат.