Бишкек шаарынын тургуну социалдык тармактар аркылуу Свердлов районундагы Гражданская көчөсүндөгү аймакты көрктөндүрүү боюнча сунуш менен кайрылган.

Кайрылууга Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көңүл буруп, 29-сентябрда өзү жерине барып көрдү.

Сөз Гражданская көчөсү, 39 дарегинде, Курманжан Датка көчөсү менен кесилишкен жерде, №17 лицейдин артында жайгашкан тилке тууралуу болуп жатат. Шаар тургуну бул жерде сейил бак, балдар жана спорт аянтчаларын, унаа токтотуучу жайды уюштуруу, ошондой эле аймакты кошумча жашылдандыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштаган.

Мэр жеринде экоактивист Ч. Бийназар менен жолугуп, аймактын абалы менен таанышты.

Айбек Джунушалиев тиешелүү кызматтарга жер тилкесинин укуктук макамын жана кимге таандык экенин, жашыл аймактын жана инженердик коммуникациялардын бар-жогун, ошондой эле орнотулган мамылардын мыйзамдуулугун текшерүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, тротуардын жок болгон бөлүгүн толуктоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу, ага чектеш аймакты иретке келтирүү жана жол оңдолгондон кийин калган курулуш таштандыларын тазалоо тапшырылды.

Жыйынтыгында жашоочулардын кызыкчылыктарын эске алуу менен аталган тилкени комплекстүү көрктөндүрүү боюнча сунуштарды даярдоо тапшырылды. Анда эс алуу зонасын, балдар жана спорт аянтчаларын, унаа токтотуучу жайларды уюштуруу жана кошумча бак-дарактарды отургузуу мүмкүнчүлүктөрү каралат.

Даярдалган долбоорлор жана текшерүүнүн жыйынтыктары мэрге сунушталат. Он күндөн кийин Айбек Джунушалиев аталган аймакка кайрадан барып, андан соң мындан аркы иштер боюнча чечим кабыл алынат.