2026-жылдын 25–26-сентябрында Бишкек шаарынын Ленин районунда Улуттук органикалык айыл чарба күнүнө карата жарманке болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 11-февралындагы №40 Жарлыгына жана Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы №104 токтому менен бекитилген иш-чаралар планына ылайык уюштурулду.

Жарманкеде ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба жана башка түрдөгү продукциялары сунушталды. Иш-чаранын негизги максаттары — жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо, органикалык айыл чарбасын жана туура тамактанууну жайылтуу.

📍 *Дареги:* Тыналиев көчөсү, 38, Абдулкерим Сатук Буурахан атындагы мечиттин батыш тарабында.

Жарманке мындан ары туруктуу негизде өткөрүлүп турат. Бул борбор калаанын тургундарына жана конокторуна сапаттуу продукцияларды сатып алууга жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого мүмкүнчүлүк берет.