Октябрь районунда Кыргыз Республикасынын Улуттук органикалык айыл чарба күнүнүн алкагында ата мекендик жана органикалык продукциялардын жарманкеси өттү.

Жарманкеге келгендерге ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба продукциялары, азык-түлүктөр, улуттук буюмдар жана элдик кол өнөрчүлөрдүн эмгектери сунушталды.

Ошондой эле Ала-Тоо аянтында «Супара» жана башка ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциялары коюлду.

Мындан тышкары, 18-сентябрдан 27-сентябрга чейин Tommy Mall соода борборунда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн жана элдик кол өнөрчүлөрдүн продукцияларынын жарманкеси уюштурулду. Ага 27 ишкер катышты.

Жарманкеде зер буюмдар, улуттук буюмдар жана кол эмгектери, бал, чай, туз, эт жана колбаса азыктары, канаттуулардын эти жана жумурткасы, кондитердик азыктар жана башка азыктар сунушталды.

Жарманкелерди өткөрүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана элдик кол өнөрчүлөрдү колдоого, ошондой эле жергиликтүү продукцияларды жайылтууга багытталган.