Социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы мурдагы мэрдин орун басарларына байланыштуу кылмыш иштеринин чыныгы жагдайларын тактоону зарыл деп эсептейт.
- Байгазиев Талайбек Аскарович— кылмыш иши Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Борбордук аппаратында тергелүүдө. Учурда иштин материалдары сотко өткөрүлө элек.
- Ырсалиев Жамалбек Самарбекович— 2026-жылдын 5-июнунда Бишкек шаардык соту анын аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу толугу менен актаган.
- Кадыров Азамат Кадырович— 2026-жылдын 23-сентябрында Ленин райондук соту баш коргоо чарасы катары 2026-жылдын 20-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын УКМКсынын СИЗОсунда камакта кармоону белгилеген.
- Сазыкулов Максат Шекербекович— 2026-жылдын 3-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку соту мурда кабыл алынган сот чечимдерин жокко чыгарган. Анын аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу кылмыш иши толугу менен кыскартылган.
- Узаков Азат Сапарбаевич — 2022-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын УКМКсынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Алгач ага «Коррупция» беренеси боюнча айып тагылып, кийин кылмыш иши «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесине кайра квалификацияланган. Тергөө иштери аяктаган. Ишти кароонун жыйынтыгында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту аны реабилитациялануу укугу менен актоо өкүмүн чыгарган.
Муну менен катар мурдагы кызмат адамдарына карата айрым кылмыш иштери Бишкек шаарынын мэриясынын ишмердигине тиешеси жок жагдайларга, анын ичинде алардын башка мамлекеттик органдарда иштеген мезгилине байланыштуу экенин белгилөө маанилүү.
Бишкек шаарынын мэриясы өз кезегинде коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу боюнча туруктуу түрдө чараларды көрүп келет. 2026-жылы коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча 3 кеңейтилген жыйын жана Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин 5 отуруму өткөрүлдү. 2023-жылдан бери мэрия кызматкерлеринин аракеттерине же аракетсиздигине байланыштуу укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына 44 кайрылуу жөнөтүлдү.
Мэрия укук коргоо органдары менен туруктуу негизде өз ара аракеттенет жана мүмкүн болгон мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү материалдарды укуктук баа берүү үчүн жөнөтөт.
Ушуга байланыштуу мэрия аныкталган фактыларды эске алууга чакырат. Ошол эле учурда туура эмес маалыматтар таратылган учурда өзүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо укугун өзүнө калтырат.