Бишкек шаарындагы Сүймөнкул Чокморов атындагы музей-устаканада кыргыздын залкар актеру, сүрөтчүсү жана коомдук ишмери Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналган эскерүү кечеси өттү.
Иш-чарага чыгармачыл коомчулуктун өкүлдөрү жана Сүймөнкул Чокморовдун жакындары — Бегимжан Чокморова менен Эльмира Чокморова катышты. Алар залкар инсандын өмүрү, чыгармачылыгы жана адамдык сапаттары тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүшүштү.
Кеченин катышуучуларына «Кызыл алма» көркөм тасмасы көрсөтүлүп, музыкалык чыгарма аткарылды. Ошондой эле музей-устакана боюнча экскурсия уюштурулду. Коноктор Сүймөнкул Чокморовдун өмүрү жана чыгармачылыгына байланышкан жеке буюмдары, сүрөттөрү, картиналары жана архивдик материалдар менен таанышты.
Эскерүү кечеси кыргыз маданиятынын көрүнүктүү өкүлү Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине таазим кылып, анын бай чыгармачылык мурасын эскерүүгө арналды.






