2026-жылдын 29-сентябрында Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) делегациясы Кыргыз Республикасына болгон   сапарынын алкагында   “Үмүт үйү” карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык мекемесине барды.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Айзада Джунусова катышты.

Сапар JICA тарабынан Кыргыз Республикасынын социалдык тармагын, атап айтканда, улгайган адамдарга кам көрүү жана аларды тейлөө маселелерин изилдөөнүн алкагында уюштурулду. Мекемеге баруунун негизги максаты — улгайган жарандарга социалдык кызмат көрсөтүүнүн учурдагы системасы жана аларга кам көрүүнү уюштуруу тажрыйбасы менен таанышуу болду.

Сапардын  жүрүшүндө JICA делегациясы «Үмүт үйүнүн» ишмердүүлүгү, социалдык жана медициналык кызматтарды көрсөтүү системасы, улгайган жарандарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга кам көрүүнү уюштуруу, ошондой эле мекеменин кадрдык камсыздалышы менен таанышты.

Делегациянын өкүлдөрүнө мекеменин ишинин негизги багыттары, кам көрүүнү уюштуруунун өзгөчөлүктөрү жана кызмат алуучуларга социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча кеңири маалымат берилди.

Ошондой эле сапардын жүрүшүндө улгайган адамдарга социалдык кызмат көрсөтүү тармагындагы актуалдуу маселелер, учурдагы көйгөйлөр жана бул багытты өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу пикир алмашуу болду.

Сапардын жыйынтыгында JICA делегациясы алынган маалыматтын маанилүүлүгүн белгиледи. Агенттиктин өкүлдөрү визиттин жыйынтыктары жана сапардын жүрүшүндө алынган маалыматтар талданып, мындан ары улгайган жарандарга социалдык кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматташтыктын мүмкүн болгон багыттары карала турганын билдиришти.