1-октябрда белгиленүүчү Эл аралык карылар күнүнүн алдында Бишкек шаарында 100 жаштан ашкан узак жашоочуларды куттукташты.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин атынан узак жашоочулардан кабар алышып, аларга бекем ден соолук, бакубат жашоо жана узак өмүр каалоолору айтылды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев жана Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышты.
Куттуктоо учурунда Бурул Дүйшалиевага, Кичикан Чолуевага жана Ефросинья Соколовага эстелик белектери тапшырылып, материалдык жардам көрсөтүлдү.
Жолугушуунун соңунда карылар уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, баталарын беришти.









