2026-жылдын 26-августунда Бишкек шаарынын мэри шаардын аймагындагы сейил бактар менен скверлерди кыдырып, алардын абалын жеринен көрүп чыгып, коомдук жайларда иттерди сейилдетүүгө арналган атайын аянтчаларды  уюштуруу боюнча тапшырма берген.

Учурда мындай аянттарды түзүү боюнча иштер үч даректе жүргүзүлүүдө: Тоголок Молдо атындагы скверде, Иманалы Айдарбеков көчөсүндө жана Эркиндик бульвары менен Ж. Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде.

Иманалы Айдарбеков көчөсүндө, мурдагы Жаш Гвардия бульварында, иттерди сейилдетүү үчүн атайын аянтча  түзүү иштери башталды. Учурда Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан даярдоо жана курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Тоголок Молдо атындагы скверде да иттерди сейилдетүүгө арналган атайын аянт уюштуруу каралган.

Ал эми Эркиндик бульвары менен Ж. Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде болжол менен 300 чарчы метр аянтты ээлеген атайын зона түзүлүүдө. Аймак тосмолонуп, үй жаныбарларын коопсуз сейилдетүүгө ылайыкташтырылат.

Негизги бөлүгү чөп төшөлгөн аянттан туруп, иттердин эркин жүрүүсүнө арналат. Аймактын болжол менен үчтөн бир бөлүгүндө эс алуу үчүн шагыл төшөлгөн аянтча уюштурулуп, ал жерде бастырма, отургучтар жана үстөл орнотулат.

Коопсуздукту камсыз кылуу максатында бийиктиги 1,8 метр болгон тосмо орнотулат. Ал ири породалуу иттерди да эске алуу менен долбоорлонгон. Кире бериште эки катар металл дарбазадан турган тамбур уюштурулуп, бул жаныбарлардын кокусунан аянтчанын  сыртына чыгып кетүүсүн  алдын алат.

Иттердин активдүү сейилдөөсү үчүн эки оюн конструкциясын — жантайыңкы дөңсөө жана туннель орнотуу пландалууда. Мындан тышкары, иттер үчүн ичүүчү суу түйүнү, таштанды челектери жана аянтчаны  пайдалануу эрежелери жазылган маалыматтык такталар каралган.

Эс алуу аймагынын үстүндөгү бастырма келүүчүлөрдү күндөн, жаандан жана кардан коргойт. Аны долбоорлоодо Бишкек шаарынын климаттык шарттары, анын ичинде кардын жаашы  жана шамал  эске алынууда.

Атайын жабдылган аянтчаларды  түзүү үй жаныбарларын коопсуз сейилдетүүгө шарт түзүп, шаар тургундарынын сейил бактар менен скверлерди ыңгайлуу жана жайлуу пайдалануусуна мүмкүнчүлүк берет.