Бишкек шаарында эт азыктарына белгиленген баалардын сакталышын көзөмөлдөө жана уй эти менен кой этинин баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча иштер уланууда.

Рейддик иш-чаралар  райондук муниципалдык администрациялар тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, ветеринардык кызматтардын жана башка тиешелүү органдардын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Текшерүүлөр базарларда, кичи базарларда, соода комплекстеринде, дүкөндөрдө жана башка соода түйүндөрүндө өткөрүлүүдө.

Рейддердин жүрүшүндө эттин бааларына мониторинг жүргүзүлүп, мыйзам талаптарынын сакталышы текшерилүүдө. Ошондой эле сатуучуларга жана ишкерлерге эттин баасын негизсиз жогорулатууга жол берилбестиги жана белгиленген талаптарды сактоо зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мисалы, Октябрь районунда «Орто-Сай» базары, 4 кичи базар жана 23 соода түйүнү текшерилди. Свердлов районунда уй жана кой этинин бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Ленин районунда рейддик иш-чаралар «Ош базары» соода-базар комплексинин аймагында өткөрүлдү. Ал эми Биринчи Май районунда 2025-жылдын 15-августунан 2026-жылдын 28-сентябрына чейин 181 рейддик иш-чара жүргүзүлдү.

Мониторингдин алкагында соода субъекттерине ветеринардык-санитардык талаптарды сактоо жана соода жүргүзүүгө тиешелүү шарттарды камсыз кылуу боюнча да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Свердлов районунда соодагерлерге сунушталган баалар айтылды: уй эти — 1 килограммына 770 сом, кой эти — 880 сом.

Бааларга жүргүзүлүп жаткан мониторингдин негизги максаты — базардагы туруктуулукту камсыз кылуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана социалдык мааниге ээ азык-түлүктөрдүн баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө.

Бишкек шаарынын райондорунда эт азыктарынын баасына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейддик иш-чаралар уланууда.