Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясы жаш шахматчыларды Кыргыз Республикасынын Президентинин шахмат боюнча Кубогунун райондук этабына катышууга чакырат. Октябрь районунда мелдеш Район башчысынын Кубогу форматында өткөрүлөт.

Мелдештер Кыргыз Республикасынын Президентинин “2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.

Мелдешке 6 жаштан 18 жашка чейинки жаш шахматчылар катыша алат. Катышуучулар төмөнкү жаш курактык категориялар боюнча күч сынашат:

* 6 жашка чейин — 2020-жылы туулган жана андан кичүү;
* 8 жашка чейин — 2018–2019-жылы туулган;
* 10 жашка чейин — 2016–2017-жылы туулган;
* 12 жашка чейин — 2014–2015-жылы туулган;
* 14 жашка чейин — 2012–2013-жылы туулган;
* 16 жашка чейин — 2010–2011-жылы туулган;
* 18 жашка чейин — 2008–2009-жылы туулган.

Президенттин шахмат боюнча Кубогунун райондук этабы - Октябрь районунун башчысынын Кубогу - 2026-жылдын 9-октябрында №39 жалпы билим берүүчү орто мектебинде өтөт.

Катышуу үчүн 2026-жылдын 7-октябры саат 12:00гө чейин катышуучунун аты-жөнү, туулган жылы, жашаган жери жана байланыш телефон номери көрсөтүлгөн арызды жөнөтүү зарыл.

Кыргыз Республикасынын Президентинин шахмат боюнча Кубогу боюнча мелдештер үч этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта райондук администрациялардын башчыларынын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин Кубогу өткөрүлүп, ал 2026-жылдын 9-октябрына чейин өтөт. Ошондуктан Октябрь районундагы мелдеш Президенттин Кубогунун биринчи - райондук этабы болуп саналат. Жеңүүчүлөр мелдештин кийинки этаптарына катышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Октябрь райондук администрациясы жаш шахматчыларды мелдешке катышып, өздөрүнүн шахматтык чеберчилигин көрсөтүүгө жана жаңы мелдештик тажрыйба топтоого чакырат.

Кошумча маалымат алуу үчүн спорт боюнча улук инструктор Токтосунов Алтынбекке 0773 505 063 телефону аркылуу кайрылса болот.