2026-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында 65 000ге чейин көрүүчүнүн катышуусунда жаңы «Бишкек Арена» стадионунун ачылыш аземи өтөт.

Ири масштабдагы иш-чаранын өткөрүлүшүнө байланыштуу шаарда транспорт агымынын көбөйүшү жана жол тыгындарынын жаралышы күтүлүүдө.

Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мүмкүн болуучу ыңгайсыздыктарды азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык, 5-октябрда мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, министрликтердин, ведомстволордун, бюджеттик уюмдардын, ошондой эле билим берүү мекемелеринин, анын ичинде Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларынын ишмердүүлүгү онлайн форматка өткөрүлөт.

Ошол эле учурда бала бакчалар кадимки тартипте иштей турганын белгилейбиз.

Бул чаралар иш-чара өтө турган күнү транспорттук жүктөмдү азайтууга, ошондой эле мекемелердин үзгүлтүксүз иштешин жана окуу процессинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууга багытталган.