Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чара  өттү.

«Бишкекжылуулук тармагы» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жогорку мамлекеттик сыйлыктарга татыды:

Оңдоо кызматынын слесары Керимбаев Рысбек Абылаевич Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды;

ЮР-1 слесары Теньгаев Александр Алексеевич Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ыраазычылык каты менен сыйланды.

Бул сыйлыктар ишкана үчүн кызматкерлердин кесипкөйлүгүнө, жоопкерчиликтүү эмгегине жана шаарды ишенимдүү жылуулук менен камсыз кылуу системасынын үзгүлтүксүз иштешине кошкон салымына берилген жогорку баа болуп саналат.

«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы Рысбек Абылаевичти жана Александр Алексеевичти татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, ишинде ийгиликтерди жана мындан аркы жаңы жетишкендиктерди каалайт!