2026-жылдын 29-сентябрында №31 жалпы билим берүү мектебинде балдардын коопсуздугу жана укуктарын коргоо маселелерине арналган «Коопсуз мектеп» аттуу ата-энелер конференциясы болуп өттү.
Иш-чарага окуучулардын ата-энелери, мектептин педагогикалык жамааты, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрү — Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Айзат Тургумбекова, Ленин районунун прокурорунун жардамчысы Бакыт Ашкеров, №1 ҮМБнын дарыгер-иммунологу Гүлзада Даданова жана милициянын майору, ЖККБ инспектору Урмат Толомушов катышты.
Конференциянын жүрүшүндө укук бузуулардын алдын алуу, балдардын ден соолугун сактоо жана мектепте, үйдө, көчөдө жана интернет мейкиндигинде коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Ошондой эле мүмкүн болуучу тобокелдиктердин алдын алууда ата-энелердин жана педагогдордун ролуна өзгөчө көңүл бурулду. Ата-энелерге балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча тиешелүү сунуштар берилди.
Конференциянын алкагында ата-энелер мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө суроолорун берип, окуучулардын укуктарын коргоо жана коопсуздугун камсыз кылууга байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Мындай жолугушуулар балдардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелеринде мектеп, ата-энелер жана мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун чыңдоого өбөлгө түзөт.
«Коопсуз мектеп» аттуу ата-энелер конференциялары Бишкек шаарындагы бардык жалпы билим берүү мектептеринде өткөрүлөт.




