2026-жылдын 1-октябрында Бишкек шаарында Эл аралык карылар күнүнө арналган жыл сайын өтүүчү «Жүрөктөн жүрөккө» жарманкеси өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы, Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча мэрдин орун басары  Рахат Мусаева, ошондой эле улуу муундун өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, өз ара жардам топторунун лидерлери, Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун ыктыярчылары жана иш-чаранын коноктору катышты.

«Жүрөктөн жүрөккө» жарманкеси баарлашуу, чыгармачылык менен алектенүү, тажрыйба алмашуу жана активдүү, сергек жашоону колдоо үчүн аянтча болду.

Иш-чаранын алкагында улуу муундун өкүлдөрү кийизден, жүндөн жана жиптен жасалган кол эмгектерин, улуттук сувенирлерди, ошондой эле айыл чарба азыктарын тартуулашты.

Жарманкеде ден соолук маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. «Ден соолукта бол!» акциясынын алкагында каалоочуларга кан басымын, кандагы канттын деңгээлин жана салмакты өлчөө мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Ошондой эле катышуучуларга жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча маалыматтык материалдар таратылды.

Майрамдык маанайды улуу муундун көркөм чыгармачылык топторунун катышуусундагы концерттик программа тартуулады. Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун ыктыярчылары жана жарманкенин конокторунун катышуусунда бий флешмобу уюштурулду.

Катышуучулар үчүн улуу муундун өкүлдөрүнүн арасында шахмат турнири, ошондой эле биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча мастер-класс жана   лотерея уюштурулду.

Иш-чара ар түрдүү муундагы адамдарды бириктирип, улуу муундун коомдогу ордун, алардын турмуштук тажрыйбасын, билимин жана коомдун өнүгүшүнө кошкон салымын дагы бир ирет белгилөөгө мүмкүнчүлүк түздү.

Жарманке жыйынтыктарды чыгаруу жана катышуучулар менен коноктордун жылуу, майрамдык маанайдагы баарлашуусу менен жыйынтыкталды.