Бүгүн, 2026-жылдын 1-октябрында, Эл аралык карылар күнүнө карата Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев 100 жашка чыккан жана андан улуу курактагы борбор калаанын тургундарынан кабар алды.

Борбор калаанын мэри узак жашоочуларды  майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бакубатчылык, үй-бүлөлүк жылуулук жана узак өмүр каалады.

Жолугушуунун алкагында Сөкөн Үсөновага жана Лидия Зазулинага мөмө-жемиш салынган себеттер жана улуттук азык-түлүктөрдүн топтомдору тапшырылды.

Мындан тышкары, узак жашаган тургундарга арналган акчалай каражаттар почта бөлүмдөрү аркылуу которулду.

Сөкөн Үсөнова — 107 жашта. Ал Бишкек шаарындагы эң  узак жашаган тургун болуп саналат. Өмүр бою ал үй-бүлөлүк каада-салттардын сактоочусу болуп, бүгүнкү күндө балдарынын, неберелеринин жана чөбөрөлөрүнүн беш мууну тарабынан курчалган.

Лидия Зазулинага — 100 жаш. Кылымдык маараке — артында бүтүндөй бир өмүр, окуяларга, эмгекке жана үй-бүлөлүк тарыхтарга бай өзгөчө дата.

Жолугушуунун соңунда карылар  Эл аралык карылар күнүнө карата көрсөтүлгөн көңүл буруу жана камкордук үчүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевге ыраазычылыктарын билдирип, ага жакшы каалоо-тилектерин айтышты.