Ленин районунда алтын жана изумруд тойлорун белгилеп жаткан 28 үй-бүлөнү куттукташты. Биринчи Май районунда 50, 55, 60 жана 65 жыл бирге жашап, үй-бүлөлүк бакытты бирге бөлүшүп келе жаткан жубайлардын мааракеси белгиленди.

Октябрь районунда үй-бүлөлүк мааракелерин белгилеген жубайлар салтанаттуу иш-чарага катышып, Ардак китебине өз кол тамгаларын калтырышты. Ал эми Свердлов районунда улуу муундун өкүлдөрүнө арналган куттуктоо иш-чаралары өткөрүлдү.

Улуу муундун өкүлдөрүнө коомдун өнүгүшүнө кошкон салымы, балдарды, неберелерди жана чөбөрөлөрдү тарбиялоодогу эмгеги үчүн ыраазычылык билдиришти. Аларга бекем ден соолук, узун өмүр, бакубатчылык жана үй-бүлөлүк бакыт каалашты.

Үй-бүлөлүк мааракесин белгилеген жубайларга акчалай сертификаттар тапшырылды. Ошондой эле узак өмүр сүргөн шаар тургундарынан үйүнө барып кабар алынып, ал эми улуу муундун өкүлдөрүнө майрамга карата бир жолку акчалай төлөмдөр берилди.