2026-жылдын 28-сентябрында Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи Май административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын имаратында V Элдик курултайды өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча окутуу болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Шайлообек Козубаев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу Жылдызбек Абдраимов, Бишкек шаарынын мэриясынын тармактык саясат башкармалыгынын башчысы Илияс Колопов, ошондой эле төрт райондук администрациянын жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы №309 Жарлыгына ылайык уюштурулуп, V Элдик курултайды өткөрүүгө даярдык көрүү жана аны уюштуруу, уюштуруу иштерин координациялоо, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу маселелерине арналды.

Окутуунун жүрүшүндө катышуучуларга V Элдик курултайга даярдык көрүүнүн тартиби, ишти уюштурууга коюлган негизги талаптар, маалыматтарды даярдоо жана катышуучулар менен өз ара аракеттенүү маселелери түшүндүрүлдү. Ошондой эле даярдык иш-чараларын өз убагында жана сапаттуу өткөрүүгө байланышкан практикалык маселелер каралды.

Мындан тышкары, Бишкек шаардык кеңешинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, райондук администрациялардын жана шаардык кызматтардын ишин өз ара координациялоо маанилүү экендиги белгиленди. Даярдык иштерин уюштурууда бирдиктүү мамилени камсыз кылуу жана коюлган милдеттерди өз убагында аткаруу зарылдыгы баса белгиленди.