Бишкек шаарынын мэриясы окуучуларды ташуу кызматын жакшыртуу максатында «Биримдик Кут» конушунда жашаган мектеп окуучулары үчүн каттамга чыккан мектеп автобустарынын саны көбөйтүлгөнүн билдирет.

2025-жылдан бери каттамда эки автобус иштеп келген. Учурда кошумча дагы бир автобус бөлүндү.

Ошентип, бүгүнкү күндө окуучуларды үч мектеп автобусу тейлөөдө.

Жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында аталган конушка кошумча светофордук объектилерди орнотуу да пландалууда.

Мындан тышкары, келечекте схемага ылайык жаңы автобус каттамын ишке киргизүү каралган. Анын ишке кириши конуштун транспорттук жеткиликтүүлүгүн жакшыртып, жашоочулардын жүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөт.

Учурда «Биримдик Кут» конушунда №177 кичи автобус каттамы иштейт. Күн сайын каттамга 14 даана кыймылдуу курам чыгат.