2026-жылдын 1-октябрында Бишкек шаарынын муниципалитетинин жыйындар залында мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында Бишкек шаарынын экономикасын жана калкын 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча штабдын жыйыны өттү.
Жыйындын жүрүшүндө жылуулук менен камсыздоочу муниципалдык ишканаларды жылытуу мезгилине даярдоо, ошондой эле Бишкек ЖЭБин жана шаар тургундарын көмүр менен камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Күз-кыш мезгилине даярдыктын жүрүшү боюнча «Бишкек жылуулук электр борбору», «Бишкекжылуулук тармагы» жана «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканаларынын жетекчилери, ошондой эле борбор калаанын төрт административдик районунун башчылары баяндама жасашты.
Жыйындын жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жылуулук менен камсыздоочу муниципалдык ишканалардын жетекчилерине оңдоо иштерин бекитилген графиктерге ылайык өз убагында аяктоону тапшырды.
Административдик райондордун башчыларына отун базаларында сапат талаптарына жооп берген көмүрдүн жетиштүү көлөмүн камсыз кылуу тапшырылды.
Мындан тышкары, район башчыларына буга чейинки жылытуу мезгилдеринде көмүрдү сатуу жана керектөө көлөмдөрүнө талдоо жүргүзүп, көрсөткүчтөрдү салыштыруу жана алынган маалыматтардын негизинде алдыдагы күз-кыш мезгилинде көмүр тартыштыгына жол бербөө боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырылды.
Учурда Бишкек шаарынын райондорунун аймагында отун базалары иштеп жатат. Ал жерлерден борбор калаанын тургундары көмүр сатып ала алышат. Отун базаларынын даректери жана байланыш телефондору менен Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтынан таанышууга болот.





