Бишкек шаарында жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү куруу иштерине байланыштуу Жусуп Абдрахманов көчөсүндө унаа кыймылын убактылуу жана этап-этабы менен чектөө чечими кабыл алынды. Мындай чечим шаар тургундарынын көптөгөн кайрылууларын жана жолдогу учурдагы кырдаалды эске алуу менен кабыл алынды.

Тактап айтканда, 2026-жылдын 2-октябрынан тартып 10 күндүн ичинде аталган тилкеде жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү куруу боюнча зарыл болгон иштер жүргүзүлөт.

Кыймылга киргизилип жаткан чектөө — курулуш иштерин өз убагында аткаруу үчүн зарыл болгон убактылуу чара. Ошол эле учурда жолдун эки тарабы тең курулуш иштеринин жүрүшүнө жараша кезеги менен жабылат.

Жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктөр төмөнкү жерлерде курулат:

Ж. Абдрахманов көчөсүндө, курулуп жаткан мечиттин жанында;

Кыргызстан менен Азербайжандын Достук паркынын аймагында.

Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору!

Убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылып, каттамдарыңызды алдын ала пландап, убактылуу жол белгилеринин талаптарын сактоону өтүнөбүз.