Ленин районунда Карылар күнүнө карата уюштурулган иш-чаралар уланууда.
Ленин райондук администрациясынын башчысынын орун басары Нурсултан Бейшенбек уулу 106 жаштагы Чолоева Кичикан апанын үйүнө барып, Карылар күнү менен куттуктады.
Муниципалдык администрациянын атынан Кичикан апага гүл, азык-түлүк топтому жана сертификат тапшырылды.
Нурсултан Бейшенбек уулу узак өмүр сүргөн апага көп жылдык эмгеги, коомдун өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле жаш муундарга берген акыл-насааты жана балдарын, неберелерин, чөбөрөлөрүн тарбиялоодогу эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдирди.
Ал Кичикан апага чың ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо, үй-бүлөлүк бакыт жана жан дүйнө тынчтыгын каалады.
Өз кезегинде Кичикан апа көрсөтүлгөн көңүл буруу жана камкордук үчүн ыраазычылыгын билдирип, өзүнүн батасын берди.
Улуу муундун өкүлдөрүнө болгон урмат-сыйды жана көңүл бурууну арттырууга багытталган иш-чаралар Ленин районунда мындан ары да улантылат.

