2026-жылдын 6-октябрында саат 09:00дөн 02:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү району:
•Шабдан Баатыр көчөсү – Бакаев көчөсү – Алтымышев көчөсү – Жунусалиев көчөсү – Гагарин көчөсү –Махатма Ганди көчөсү – Циалковский көчөсү - Т. Фрунзе көчөсү – Өмүр көчөсү – Алыкулов көчөсү – Ахунбаев көчөсү – Көк-Жайык көчөсү – Торугарт көчөсү
•“Жумушчу шаарчасы”
•“Институт Земледелия”
•“Ак-Өргө” конушу
•“Ак-Ордо” конушу (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы)
•“Теңир-Тоо” конушу (Ахунбаев көчөсүнөн төмөн)
“Юго-Западный”, “Гагарин” суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.
“Менин шаарым” тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.
