4-октябрда Кыргызстандын улуттук курама командасы 2026-жылдагы акыркы үй беттешин  өткөрөт. Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргызстандык футболчулар Ливандын улуттук курама командасы менен беттешет.

Алдыдагы оюн улуттук кураманын быйылкы жылдагы акыркы үй беттеши болуп, күйөрмандарды өлкөнүн башкы спорттук аренасында бириктирет. Футбол сүйүүчүлөрү үчүн бул оюнду стадиондон түз көрүп, улуттук кураманы колдоп, маанилүү спорттук окуянын бир бөлүгү болууга жакшы мүмкүнчүлүк.

Беттештин алдында көрүүчүлөр үчүн атайын шоу-программа уюштурулат. Ал саат 18:00дө башталат. Ал эми Кыргызстан — Ливан беттешинин башталышы саат 20:00гө белгиленген.

Белгилей кетсек, беттешке билеттерди Ticketon.kg сайты аркылуу сатып алууга болот.