2026-жылдын 8-октябрында саат 09:00дөн 20:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.
Өчүрүү району:
Ч. Айтматов проспектиси – темир жол тилкеси – Ала-Арча cуусу – Бөкөнбаев көчөсү –
Кулиев көчөсү –Москва көчөсү – Дмитров көчөсү – Орозов көчөсү– Казаков көчөсү –
Чүй проспектиси - Ала-Арча суусу –Жибек-Жолу проспектиси – И. Айдарбеков көчөсү -
М. Фрунзе көчөсү –Турусбеков көчөсү–Чүй проспектиси –Ч. Айтматов проспектиси – темир жол тилкеси.
“ Батыш-2”суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.
“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап коюуну суранат.
“Менин шаарым” тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.
